Ошто прокуратура кызматкерлери сыйланды. Фото

Бүгүн, 20-ноябрда, Ош шаарында прокуратура кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сыйлоо аземине Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, вице-мэр Асылбек Топчубаев, бөлүм башчылар жана прокуратура кызматкерлери катышты. Анда вице-мэр сөз сүйлөп, прокуратура кызматкерлеринин адилеттүүлүк үчүн кылып жаткан кызматтарын белгилеп, куттуктоо сөзүн айтты.

Жыйындын жүрүшүндө Ош шаарында мыйзамдуулукту сактоону камсыз кылууга, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин коргоого кошкон барандуу салымы жана ак ниет эмгеги үчүн КРнын прокуратура кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Ош шаарынын прокуратурасынын, башкы прокуратуранын шаардагы бөлүмүнүн бир катар кызматкерлери Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктары менен сыйланды.

Белгилей кетсек, жыл сайын 22-ноябрь Кыргызстандын прокуратура кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип келет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.