Ошто премьер-министрдин балаты майрамы өтөт

Бүгүн, 27-декабрь Ош шаарында өкмөт башчынын жаңы жылдык балаты майрамы өтөт. Бул туурасында Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

“Премьер-министрдин балатысы Ош шаарында алгачкы ирет өткөрүлүүдө. Ага  Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Ош шаарынан бөбөктөр чакырылган”- деди Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Кадырбекова.

Иш чара түрдүү оюн-зоок программалар менен коштолот.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген