Ошто перинаталдык оорукана курулат

Ош шаарында перинаталдык оорукана курулут. Ага акча каражатын Германия бере турган болду. Бул тууралуу өлкөнүн каржы министри Бактыгүл Жеенбаева билдирди.

Анын айтымында, Германия менен жалпы суммасы 21 млн еврону түзгөн 3 макулдашууга кол коюлду.

«Кол коюлган макулдашууга ылайык 13 млн еврого Ош шаарында перинаталдык оорукана, 6 млн евро каражатка Таласта перинаталдык оорукана курулат. Ошондой эле кошумча 2 млн евро Бишкекте курулуп жаткан перинаталдык ооруканасына бөлүндү», – деди ал.

Ал кошумчалагандай, Германия бул каражаттарды грант катары бөлгөн.

Бул макулдашуу өлкө башчысынын  Германия Федеративдүү Республикасына расмий визитинин алкагында дипломатиялык мамилелер, экономика жана өнөр жай, айыл чарба жана агро өнөр жай комплекси, билим берүү, туризмди өнүктүрүү жана соода-экономикалык мамилелер чөйрөлөрүндөгү, финансы жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган эки тараптуу жолугушуусунун алкагында жетишилди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.