Ошто пандемияга каршы күрөшүү боюнча облустук штабдын жыйыны өттү

Ош облусунун пандемияга каршы күрөшүү боюнча штабдын кеңешмеси өттү. Ага Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Байыш Юсупов, Саламатыкты сактоо министрлигинин Ош облусу боюнча координатору Шаят Абдурахманов жана бардык райондун акимдери, облустук оорукананын өкүлү катышты.

Облустук саламаттыкты сактоо координатору Шаят Абдурахмановдун маалыматына ылайык, облус боюнча 537 оорулуу жатат. Анын 211си оор, 17си өтө оор деп бааланууда.

Ош облусу илдетти жуктургандардын саны боюнча 2-орунда. Жылуулук менен камсыз болгон имараттарда 1 423 керебет күндүзгү стационар даяр. Алар Саламаттыкты сактоо министрлигинин талабы менен ачылат. Учурда Ноокат районунда ачылды.

Өкмөттүн Оштогу өкүлү Байыш Юсупов жаңыдан ачылган Кара-Суу районундагы инфекциялык блустук ооруканасын толук кандуу иштетүү талабын койду. Ал жерде 120 орун болсо, 65 гана бейтап жатат.

Облус башчысы алдын-алуу иштерин күчөтүү талабын койду:

– Бул жаатта иштерди күчөтүү үчүн, райондук штаб башчылары менен жумасына 3 жолу онлайн кеңешме өткөрүп, талкуулап чара көрүү;

– Дарыгерлер элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү керек;

Ошондой эле облус башчысы өлүм саны облуста көбөйүп жатканына кабатырланып жатканын айтып, бардык кызматтар элдин саламаттыгы үчүн гана иш алып баруусун белгилеп, жарандардан ооруну аныктоодо жеткиликтүү иш жүрбөй жатканын айтты.

“Облустар аралык маршурттук каттамдары токтотуу жана мал базарларды жабууну сунуш кылам. Аталган сунушту республикалык штабга дагы жөнөтөм. Зарыл болсо, кайрадан чектөө киргизилет”, – деди Юсупов.

Мурда “Достук” көзөмөл өткөрүү жайынан 18 миң адам кирип жатса, учурда 400 гана адам киргизилип жатат.

Көбөйүп жатат! Коронавирус боюнча акыркы маалыматтар

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.