Ошто рамазан айы бүткөнчө айрым маршруткалар элди акысыз ташыйт

Ош шаарында 107-каттамдагы коомдук транспорттун айдоочулары орозо айында элге акысыз кызмат көрсөтөт. Бул демилгесин айдоочулар Рамазан айынын алгачкы күндөрүндө эле башташкан. Аталган маршурттук каттамдын бир багыты студенттер шаарчасынан аэропортко, экинчи багыты Достук көчөсүнө чейин барат.

Маршруттук каттамда күнүнө 40га жакын айдоочу  рейске чыгат. Кезектешип эки  багыт боюнча бирден маршруттар элди акысыз ташышууда.Күнүнө болжол менен бир унаага 1000 сомдук күйүүчү май керектелет. Бул чыгымды айдоочулар өз эсептеринен толуктап жатат.

Биздин маршруттун жүргүнчүлөрү бир ай бою акысыз жүрө алышат.  Бекер ташуу акциясын орозо айы жыйынтыкталганга чейин улантабыз. Жол акы он сом болуп билинбегени менен бул кээ бир адамдар, студенттер  үчүн жакшы эле деп ойлойм”,- дейт 107-маршруттук каттамдын жетекчиси Каныбек Орозов.

Белгилей кетсек, каттамдын жетекчилиги бул демилгени 3 жылдан бери уюштуруп келет. 107-маршруттун айдоочуларынын  идеясы менен ишке ашкан акысыз ташуу башка каттамдарда дагы улантылып жатат. Алар  112 жана Ош-Отуз-Адыр багыты боюнча элди ташыган маршруттук таксилер.

Текст: Нуржамал Баргыбаева

Видео: Азам Бузриков

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген