Ошто орозо Айт намазы “Сулайман Тоо” мечитинде окулат

15-июнь күнкү орозо айт намазы борбордук аянтта эмес,  “Сулайман Тоо” мечитинде окулат. Бул тууралуу  Ош шаардык мэриясы билдирди.

Бул борбордук аянттагы оңдоо иштерине байланышуу болду. Калаа жетекчилиги “Сулайман Тоо”мечитине  барып айт намазга катышат.  Ал эми шаар тургундары жана коноктору үчүн  бардык мечиттерде айт намаздары окулат. Коомдук коопсуздук тартип сакчылары тарабынан толук көзөмөлдөнөт.

Буга чейин Ош шаарында айт намаздары  борбордук аянтта 15 миңден ашуун адамдын катышусунда өтүп келген.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген