Ошто оорукчан жарандын үйү талашка түштү. Видео

Ош шаарындагы Уркуя Салиева көчөсүндө жайгашкан №44 үйүнүн 52-батири талашка түшүп жатат. Бул тууралуу “Ынтымакка” аталган үйдүн жашоочулары билдиришти.  

Маалыматка ылайык, үйү талашка түшүп жаткан Махамадали Маматураимов 2004 -жылы үйгө ээ болгонго чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде чарба башчысы болуп иштеген жана кайтарымсыз 2 бөлмөлүү батир берилген. Ал аталган министрликтин кызматкерлерине бериле турган үйдүн курулушу бүткөнгө чейин кароолчу, уста дагы болуп эмгектенген.

“Жолдошум кылган мээнети үчүн бул үйдү алган. Баары документтештирилген. Эми болсо Ош шаардык прокуратурасы үйдү бошоткула деп жатат. Алты жылдан бери бул иштин аягына чыга албай жатабыз. Эмне себептен мындай кылып жатышат билбейбиз. Жолдошум бул чуунун айынан 3 жолу инсульт болуп, азыр төшөктө жатат”, – деди жабырлануучунун жубайы Ризванбуви Маматураимова.

Маматураимовдун үй-бүлөсүнө эки бөлмөлүү  батирди кайтарымсыз берүү туралуу 2004-жылдын 1-октябрында Өзгөчө  кырдаалдар министрлигиги, 2006-жылдын  3-ноябрында Ош шаардык мэриясы  тарабынан ордер бирилген. Ал эми бул тууралуу Ош шаардык прокуратурасына кайрылганыбызда, териштирүү иштери жүрүп жатканын айтып, аягына чыккандан соң маалымат берүүнү убадалашты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген