Ошто оор кылмышка шектелип изделип жаткан жаран табыла элек

Ошто  өзгөчө оор кылмышка шектелип изделип жаткан жаран табыла элек. Бул тууралуу “Ынтымакка” укук коргоо органдарындагы өкүл билдирди.  Анын  айтымында издөө 5 саатка созулуп шектүү табылган эмес. 

Изделип жаткан жаран  буга чейин  зордуктоо, уурулук боюнча соттолгон. Оор кылмыштарды жасоого айыпталып издөө жарыяланган Жылдызбек Бекмурзаев.

” Кече 20-сентябрда Ош шаарындагы “Отор” кафесинин айланасында  милиция кызматкерлери Mercedes үлгүсүндөгү унаанын ичинде Бекмурзаевге окшош адам отурганын байкашкан.  Милиционер машинанын текшерейин дегенде айдоочу газды басып аны бир нече метрге чейин сүйрөп кеткен. Кийин шектүү жүгөрү талаасына жашынып калгандыктан, аймак курчоого алынган.  Издөө 5, 6 саатка созулуп Ош облустук, шаардык ички иштер башкармалыктарынын  ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери биргеликте издөө жүргүзүшүп бирок шектүү табылбады”,-дейт укук коргоо органдарындагы өкүл.

Бекмурзаев буга чейин 2017-жылдын июль айында  Казакстандын Костанай шаарында кармалган. Кыргызстандын ИИМи аны экстрадициялоону сураган. Бирок казак тарап чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн жарым жылга камап койгон.  Бирок ИИМдин версиясы боюнча  ал колониядан качып чыгып,  жаңы кылмыштуу топ түзгөн.

Сүрөт: Спутник

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген