Ошто он күн ичинде үч киши сууга чөгүп каза тапты

Он күн аралыгында Ош шаарында эки өспүрүм жана 50 жаштагы киши сууга чөгүп каза болду. Өлкө аймагында болсо ушул жылдын беш айында 25 адам сууга чөгүп кеткен. Алардын жарымынан көбү он жашка чыга элек жеткинчектер. Каза болгон өспүрүмдөр аптап күндөрү сууга түшүүгө өз алдынча барып кырсыкка кабылып жатышат. Анткени суунун деңгээли көп мезгилде чөмүлүү үчүн түшүп, агып же чөгүп кетүү коркунучу күчөйт.

Ош шаарында каза болгон 10 жана 12 жаштагы өспүрүмдөр Увам каналына чөгүп кеткен. Алардын сөөгүн куткаруучулар беш сааттан соң таап чыгышкан.

ӨКМдин Ош шаарындагы куткаруу бөлүмүнүн башчысы Замир Эрмаматовдун айтымында,  калаадагы Ак-Буура дарыясынын жээги жаш балдар гана эмес, чоң кишилер үчүн да кооптуу саналат. Бирок баарын тосмолоп чыгууга мүмкүн эмес. Атайын кызмат болсо жөн гана түшүндурүү иштерин жүргүзүшөт.

“Жайкы сууга чөмүлүү мезгили башталгандан бери түшүндүрүү иштерин алып барып жатабыз. Эскертүүгө карабай, сууга түшүү бүткөнгө чейин 20га жакын кырсык болуп, адам өлүмү менен коштолот. Ата-энелерди да балдарына кайдыгер мамиле жасабай, сак болууга чакырабыз”,- деди Эрмаматов.

Куткаруучу Кудайберген Романовдун айтымында коопсуз деп эсептелинген бассейндерде деле кырсык болгон учурлар көп. Мындан улам адистер бассейндерде дагы дасыккан куткаруучулар болушу зарыл экенин эскертишүүдө.

“Адамдар каналдарга сууга түшүүгө караганда бассейндер коопсуз деп ойлошот. Бирок бассейнде деле суу терең болот. Жаш балдар, айрым учурда чоң кишилер деле чөгүп кетүүсү мүмкүн. Мындай учур өзгөчө мас абалындагы кишилерде көп кездешет. Ошондуктан шаардагы бассейн иштеткендерде жоопкерчилик болуусу шарт”,- деди Романов.

Азыр Ош шаарында жалпы 10го жакын бассейн болсо, жалпы 20 же 30 куткаруучу болуусу шарт. Алар чөккөндөрдү куткаруу менен алгачкы медициналык жардамды да көрсөтүшөт. Өткөн жылы жайкы чөмүлүү мезгилинде жалпы 26 жаран каза болгон.

Ош шаарындагы адам өмүрүн алган каналдар жана кырсык көп катталган аймактар тууралуу маалыматтар төмөндөгү инфографикага камтылган:

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.