Ошто окуучуларга жол акы 5 сом болобу? Видео

Ош шаардык мэриясы жол акыны көтөрүү боюнча сунуш даярдады. Ага ылайык, мектеп окуучулары коомдук транспорт үчүн 5 сом төлөшү мүмкүн. Бул тууралуу чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Урали Романов билдирди.

Маалым болгондой, окуучулар эми коомдук транспортторго  5 сомдон төлөп калуусу ыктымал. Бул сунуш айдоочулар менен ата-энелердин ортосундагы пикир келишпестик жана арыздануулардан улам даярдалды. Айрыкча айдоочулар окуучулар берген 1 сомдон төлөм чыгашаны актабай жатканы боюнча нааразы болуп келишкен.

“Көпчүлүк ата-энелер өздөрү эле сунуштап жатышат. Балдарды кыйнабай акыны 5 сомдон деп эле бекитип коюуу керектигин. Ушул сунуштардан кийин айдоочулар менен жыйын өткөрдүк. Алар жол акы жогорулай турган болсо окуучуларды калтырбай алууга даярдыгын билдиришти. Эгерде бул убадалар аткарылбаса биз тараптан чара көрүлөт”- Романов.

Шаардык мэриянын бул сунушун депутаттардан куралган комиссия карап чыкты. Эми 19-февралда шаардык кеңештин кезектеги отурумунда талкууга алынат. Эгерде депутатардын баары колдоп бере турган болсо, окуучулар коомдук транспортго 1 сом эмес 5 сомдон төлөп калышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген