Ошто окуучуларга жол акы 5 эсеге көтөрүлдү

Ош шаарында мектеп окуучуларына  жол акы 1 сомдон 5 сомго жогорулады. Аларга жол кирени көтөрүү сунушу бир канча жолу сунушталып, бүгүнкү сессияда депутаттар тарабынан колдоо тапты. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош шаардык мэриясынан басма сөз кызматынын жетекчиси Азамат Абсатаров билдирди.

Анын айтымында жол акысын 5 сомго көтөрүүгө сессияга катышкан 34 депутаттын ичинен  23 эл өкүлү макулдук берди. Ошентип, тез тиерлер мындан ары коомдук транспортко 5 сомдон төлөй турган болду.

Ал кошумчалагандай, шаардык мэрияга караган троллейбус жана автобустарда жол акы 1 сом боюнча калат. Бирок, 2020-жылдын 1-январынан тартып аларда жүрүү окуучулар үчүн 3 сомго көтөрүлөт.

Калаада окуучуларга жол акыны жогорулатуу маселеси  айдоочулардын нааразычылыгынан улам келип чыккан эле. Алар чыгымы акталбай жаткандыгын айтып келишкен.

Ошто окуучуларга жол акыны 5 сомго көтөрүү сунушаталууда

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген