Ошто окуучулар Рубик кубигин чогултуу боюнча күч сынашат

Ош шаарында мектеп окуучулар  арасында Рубик кубигин чогултуу боюнча “Акылтай” сынагы  өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын усулчусу Руслан Закиров билдирди.

Сынактын биринчи баскычы мектептерде өткөрүлгөн. 30-ноябрь күнү № 52 «Кыргыз-түрк достугу» атындагы мектеп лицейинде II  финалдык баскычы өткөрүлмөкчү.

«Бул сынакты уюштуруудагы негизги максатыбыз – окуучулардын убактысын пайдалуу нерселер менен өткөрүүгө багыттоо, алардын Рубик кубиги менен иштөө көндүмдөрүн калыптандыруу жана кубикти ыкчам топтогон окуучуларды эл аралык сынактарга алып чыгуу» – дейт  Закиров.

Сынакка мектептерден биринчиликти алган 50дөн ашык окуучулар катышат. Жеңүүчүлөр баалуу белектер жана грамоталар менен сыйланат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген