Ошто окуучулар мектепке электрондук кезек менен кабыл алынат

Баланы мектепке электрондук кезек аркылуу каттоонун экинчи баскычы 2020-жылдын февраль айынан тарта ишке киргизилет. Долбоор дагы төрт шаарда ишке ашат.Бул тууралуу  Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык,  бул кызматты Ош, Жалал-Абад, Токмок жана Кара-Балта шаарларынын тургундары пайдалана алат.

Ушул тапта, баланы мектепке электрондук каттоо Бишкек шаарында гана иштеп жатат. Долбоор башталгандан бери 15 миң 700 арыз түшүп, анын ичинен 91 пайызы мектеп жетекчилигине тиешелүү документтерди тапшырып, 1-класска кабыл алынган.

Аталган үлгү долбоорду Билим берүү жана илим министрлиги киргизип, муну коррупциялык жагдайларга бөгөт коюу максаты менен негиздеген.

«Мектепке электрондук кезек» долбоору аркылуу баласын мектепке киргизүүнү көздөгөн ата-энелер компьютерден же смартфондон mektep.edu.gov.kg сайтына кирип, арыз калтырса болот.

Аталган долбоор аркылуу арыз калтырган балдардын саны бүгүн 10 миңге чукулдады. Анын ичинен жети миң бала мектептерге катталып, киргизилди.

Булак: Жебе

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген