Ошто окуучу баланы бычактаган эки өспүрүмгө сот өкүм чыгарды

Ош шаарында окуучу баланы бычактап кеткен эки өспүрүмгө сот өкүм чыгарды. Бул тууралуу Ош шаардык сотунан билдиришти.

2019- жылдын 30-майында Ош шаарынын көчөлөрүнүн биринде 16 жана 17 жаштагы өспүрүмдөр 8- класста окуган бала менен уруша кетишкен. Келишпестик учурунда өспүрүмдөрдүн бири каршылашын бир канча ирет бычак менен сайып салган. Алган жараатынан улам окуучу ошол жерден жан берген.

12- февраль күнү Ош шаардык соту кылмышка шектүү эки өспүрүмгө “Адам өлтүрүү” статьясы менен өкүм чыгарып, алардын ар бири 10 жылдан абакка кесилди.

Мындан тышкары соттолуучулардын жакындары каза болгон баланын туугандарына материалдык чыгым катары 75 миң 864 сом, ал эми моралдык чыгым катары миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген