Ошто ок атышуу кадимки көрүнүшкө айланып баратабы? Видео

Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде 26-ноябрь күнү 4 жигиттин мушташы чыгып, натыйжада бир жаран ооруканага түшөт. Дарыгерлер анын жамбашынан белгисиз куралдан жараат алганын аныкташкан. Бирок, жабырлануучу 1 күндөн кийин эле ооруканадан чыгып кетип, ок аткан тарапка эч кандай доосу жок экенин айткан.

Жараат алган жаранга кандай курал менен ок атылганы азырынча белгисиз. Аталган факт боюнча Ош шаардык ИИБда тергөө жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБнын басма сөз кызматынын инспектору Абсатар Тавакалов билдирди.

Ушул жылдын 22-сентябрында Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев менен спортчу Төлөгөн Рахманберди уулу катышкан ок атуу окуя катталганы маалымдалган. Жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилип, жоон санына ок тийгени аныкталган.

Кийинчерээк Рахманберди уулу Саркарбаев менен ага-ини мамиледе экендигин айтып, тапанча менен өзүн-өзү атып алгандыгын билдирген. Ал эми Саркарбаев өзү да спортчуну атпаганын айтып, аны каралоо аракети болуп жатканын кабарлаган. ИИМден спортчу кандайча жарадар болгону дайындалган экспертизанын жыйынтыгы менен билинет деп жооп берген.

Учурда бул иш сотко өтө электигин Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Карима Аманкулова «Клооп» басылмасына билдирген.

Бул өңдүү ок атышуу менен коштолгон окуялар акыркы убактарда, Ош шаарында кадимки эле көрүнүшкө айланып бара жатканын серепчи Төлөгөн Келдибаев айтат. Анын айтымында, азыркы учурда жөнөкөй жарандар да ок атуучу куралды ар кандай жолдор менен сатып алууда. Аларды чогултуп, текшерүү иштери күчөтүлгөн тартипте жүрсө, мындай окуялар азаймак дейт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген