Ошто Ноорузга карата кандай иш-чаралар өткөрүлөт?

Нооруз күнү сүмөлөк кайнатуу, концерт, спорттук оюндар жана түрдүү жарменкелер болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 20-март күнү шаардагы бардык муниципалдык аймактык башкармалыктарда сүмөлөк кайнатылып, “Кадыр түн” каадасы уюштурулат.

21-март күнү саат 10.00дө шаардын борбордук аянтында «Нарктуу, даңктуу, касиеттүү Ош шаарым, сени менен сыймыктанам ар дайым!» аттуу « Нооруз-2019» элдик майрамына арналган театралдашкан концерттик программа өтөт.

Андан соң Айыл чарба техникумунун аянтынан баштап, № 2 балдар музыкалык мектебине чейин кол өнөрчүлөрдүн, улуттук тамак-аштардын жана “Көктөм” (гүл жана жаңы көчөттөрдүн) көргөзмө-жарманкеси, улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер уюштурулат.

Мындан сырткары, «Алымбек Датка» этнографиялык комплексинде Ош шаарынын мэриясынын “Сулайман-Тоо” №1 муниципалдык аймактык башкармалыгы жана Ош мамлекеттик университети тарабынан элдик каада-салтка ылайык уюштурулган майрамдык иш-чара болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.