Ошто Ноорузга даярдык башталды

21-март Нооруз майрамына карата Ош шаарында  даярдыктар башталды. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салтанат Аманова билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-март күнү калаадагы 7 муниципалдык аймакта сүмөлөк кайнатылат. Учурда майрамдык салтанатка жоопту мекемелерге тапшырмалар берилди.

“Ушул тапта, калаанын бир канча көчөлөрү оңдолуп жатат. Мындан сырткары, жашылдандыруу иштери кызуу жүрүүдө. Бул жылы майрам жылдагыдан өзгөчөлөнүп, аянт жаңы дизайн менен кооздолот”,- деди ал.

Нооруз күнү борбордук аянтта концерттик программа жана көргөзмө уюштурулат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген