Ошто “Мыкты мугалим” сынагынын башкы байгесине 2 бөлмөлүү батир коюлду

Ош шаарында өтө турган “Мыкты мугалим” сынагынын баш байгесине эки бөлмөлүү батир коюлду. Бул тууралуу “Ынтымакка”  ИДАР Медиа компаниясынын жетекчиси Тургунбай Алдакулов билдирди.

Сынактык башкы максаты – Ош шаарындагы мектеп мугалимдерин моралдык жана материалдык жактан колдоо болуп саналат.

Сынакка Ош шаарындагы жалпы негизги жана жалпы орто билим берүүчү мекемелерде иштеген шаарда турак жайы жок, үч жана андан көп баласы бар мугалимдер катыша алат.

Аталган сынак үч баскычтан турат.

  •  14-майдан 31-майга чейин талапкерлерди кабыл алуу жүргүзүлөт.
  • 9-сентябрдан 20-сентябрга чейин тандалып алынган мугалимдер  “Ачык сабак”өтүшөт.
  • Финалдык тур болуп, 4-октябрда калыстар тарабынан жеңүүчүлөр тандалат.

Сынакта мугалимдердин автордук макала, китептери, ийгиликтери каралып турмуш шарты оор мугалимдерге артыкчылык берилет.

Жеңүүчүлөргө түрдүү номинациялар берилип, баш байгени уткан мугалимге  “Cапат GLOBAL” курулуш компаниясынан 2 бөлмөлүү батир берилет.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген