Ошто мыйзамсыз ташылып келе жаткан 870 миң сомдук мандарин кармалды

Ошто мыйзамсыз ташылып келе жаткан 870 миң сомдук мандарин кармалды. Бул тууралуу мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бажы кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунда кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Вольво FH13” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа текшерилген.

Текшерүү учурунда унаанын жүк салуучу бөлүгүнөн жыгач үкөктөргө салынган мандарин табылган.

Соода-өнөр жай палатасынын экспертинин корутундусуна ылайык, кармалган продукциясынын жалпы орто рыноктук баасы 870 000 сомду түзөт.

Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иштин материалдары тергөөгө караштуулугу боюнча Ош облусунун прокуратурасына  өткөрүлүп берилди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген