Ошто мыйзамсыз ташылып келе жаткан 664 580 сомдук жүзүм кармалды

Ошто мыйзамсыз ташылып келе жаткан 664 580 сомдук жүзүм кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Ыкчам” бажысынын кызматкерлери кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Вольво” үлгүсүндөгү унааны токтотуп, текшерүүгө алышкан. Текшерүү учурунда унаанын жүк бөлүгүнөн чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 9464 килограмм жүзүм табылган. Айдоочу товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бир дагы документ көрсөтө алган эмес.

Кармалган товардын жалпы наркы 664 580 сомду түзөт.

Учурда бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө өткөрүлүп берилди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген