Ошто мыйзамсыз ташылып келе жаткан 3 млн сомдук сагыз кармалды

Ош облусунун Ноокат районунун аймагында аткезчилик жолу менен ташылып келе жаткан 140 коробка сагыз кармалды. Кармалган товардын орточо баасы 3 024 000 сомду түзөт. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган кызматтын кызматкерлери Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айылында Ы.Б. аттуу жарандын “Мерседес-Бенц 412” үлгүсүндөгү автоунаасын токтотуп текшерүүгө алышкан. Анын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 5600 блок, жалпы 168 000 куту “Orbit” маркасындагы сагыз табылган.

Айдоочу товар мыйзамдуу экенин тастыктаган документ көрсөтө алган эмес.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каталып, материалдар Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген