Ошто мыйзамсыз сакталган куралдар алынып жатат

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынынын кызматкерлери калкта мыйзамсыз сакталган курал жарактарды алуу боюнча түшүндүрүү иш чараларын жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Алдын ала жүргүзүлгѳн иш чаралардын натыйжасында , акыркы үч жума аралыгында  үч ок атуучу, сайлуу курал жарандардын колунан алынды.

” Түшүндүрүү иштеринин алкагында жарандар өз эрки менен да тапшырып жатышат. Ѳткѳн ишемби күнү Ош шаарынын тургуну А.Ж. ѳз эрки менен АКСМ-74 үлгүсүндѳгү 5.45 мм колибриндеги автоматтык курал тапшырды. Учурда, бул курал экспертизалык кароого жѳнѳтүлдү. Куралдын ок атууга жарамдуулугунан сырткары, кандайдыр бир кылмышка тиешеси, бар же жок экендиги дагы  текшерилет”,-деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары милиция кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз сакталган эки «Сайга» үлгүсүндѳгү сайлуу курал алынган. Белгилей кетсек, мындай түшүндүрүү иштери шаар тургундарына буга чейин да өткөрүлүп келген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген