Ошто мыйзамсыз куралдар алынууда

Ош облусунун аймагында “Арсенал” аталышындагы рейд башталды. Рейддин жүрүшүндө элдеги мыйзамсыз курал-жарактар  алынат. Бул тууралуу Ош ОИИБнын баса сөз кызматы билдирди.

Мыйзамсыз сакталган курал-жарактар жарандардын  өмүрүнө коркунуч  жаратууда. Эч кандай уруксат кагаздары жок куралдарды сактап жүргөндөр жоопко тартылат.

Мындан эки күн мурун эле Өзгөн районунун Ийри-Суу айылынын жашоочусу ойноп жатып кокустан агасынын башына атып алып, өспүрүм алган жараатынан улам ооруканага  жетпей каза болгон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген