Ошто мыйзамсыз курал алып жүргөн жаран кармалды

Кечээ, 5-март күнү мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иш чаралардын жүрүшүндө Өзгөн  районунун жашоочусу 1970-жылы туулган  С.Ш., аттуу жаран колго түштү.Кароо жүргүзгөн учурда, шектүүнүн жанынан  номуру өчүрүлгөн 1 даана ПМ үлгүсүндөгү ок атуучу курал, бир даана магазини менен табылды.

Бул факт Ош ОИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 253-берененин негизинде  кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү С.Ш., Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.