Ошто мыйзамга баш ийбей, коопсуздук кызматкерин сүйрөп кеткен айдоочу аял кармалды

Ош шаарында мыйзамга баш ийбеген айдоочуну токтотуу үчүн эскертүү иретинде ок атуучу куралдан асманга ок чыгарылды. Бул тууралуу Кара-Суу, Ноокат райондорунун комендантынын маалымат борбору кабарлады.

2020-жылдын 27-март күнү, саат  10:20 чамасында  Ош ШИИБнин кызматкерлери тарабынан Абдыкадыров менен Абдувалиев көчөлөрүнүн кесилишинде “В 7794 АН” номурлуу  “Хонда-фит” автоунаага токтотуу буйругу берилген.

Бирок айдоочу мыйзамдуу талаптарга баш ийбей, унаасын токтотпой, кызматкердин өмүрүнө коркунуч жаратып, качып кетүүгө аракет жасаган.

Мыйзамга баш ийбеген жаранды токтотуу үчүн ОШ ШИИБнин кызматкерлери 46-берененин 1-бөлүмүндөгү 9-пункттун негизинде штаттык табельдик ок атуучу куралы менен эскертүү иретинде, асманга бир жолу ок чыгарып, натыйжада автоунаа токтотулган.

“Качып кетүүгө аракет кылган айдоочу аял Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилди”,-деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

“Бир жерге өтө шашылыш түрдө бара жаткам. Анан жогорудагыдай окуяга туш болдум”,-деп билдирген айдоочу.

Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча  милиция кызматкеринин алган жараатынын оордук даражасын аныктоо максатында, соттук медициналык экспертиза дайындалды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген