Ошто мугалимдер медиа сабаттуулук боюнча окуудан өтүшүүдө

Ош шаарынын мектептеринде эмгектенген мугалимдер атайын медиа сабаттуулук боюнча окуудан өтүп жатышат. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти.

Ага шаардагы 20 мектептин окутуучулары катышып, чет өлкөдөн келген тренер сабак өтүүдө.

Окутууда мугалимдер интернеттен алынган маалыматтардын чын же калп экенин аныктоону үйрөнүшөт. Алган билимдерин иш учурунда колдонуп, окуучуларга туура маалымат жеткирүүнү колго алышат.

Бул окуутуулар мындан ары шаардагы бардык мектептерге жайылтылат.

Учурда Ош шаарындагы 55 мектептин баарында медиа борборлор түзүлгөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген