Ошто мергенчилер арасында мелдеш өткөрүлдү

Ош облусунун Ноокат районунда аңчылар ортосунда мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош-Баткен аңчылар коомунун инспектору Улукбек Сейдалиев билдирди.

Анын айтымында, мелдешке Араван, Кара-Кулжа, Ноокат районунан 80ге жакын мергенчи катышты. Максаты- облус аймагындагы мергенчилер ортосунда достук мамилелерди чыңдоо болуп саналат.

Мелдеш Ош, Баткен аңчылар жана балыкчылар коому тарабынан уюштурулуп, жеңүүчүлөргө  акчалай сыйлыктар жана кубоктор тапшырылды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген