Ошто мэрдин балатысына 600гө жакын бала катышты

Бүгүн, 26-декабрда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында “Алтын балаты-2020 ” аталышында мэрдин балаты майрамы өтүп, 600гө жакын балага белектер тапшырылды.

Мэрдин балатысына мектептин алдыңкы окуучулары, балдар үйүндөгү балдар, аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана ата-энелер келишти.

Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов балдарды куттуктап, ата-энелерди балдарга өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө жомок каармандары ыр ырдап, хореографиялык топтор түрдүү бий бийлеп, наристелерге майрамдык маанай тартуулады. Аяз ата, аяз кыз,токой жаныбарлары менен биргеликте балдарга оюн-зоок программаларын көрсөтүлдү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген