Ошто мектептердин жанындагы жөө өтмөктөргө окуучулардын манекендери орнотулууда

Ошто мектептердин жанындагы жөө өтмөктөрдө окуучулардын манекендери орнотулууда. МАИ кызматкерлеринин айтымында, бул балдар катышкан кырсыктарды алдын алуу үчүн жасалууда.

Манекендер мектептердин балансына өткөрүлүп берилген жана билим берүү мекемелеринин администрациясы аларды белгилүү сааттарда гана коюшат.

Эгерде пилоттук долбоор өзүнүн эффективдүүлүгүн көрсөтсө, ушундай эле манекендер республиканын башка аймактарында, анын ичинде Бишкекте да пайда болот.

15 -сентябрдан 15 -октябрга чейин Ош шаарында “Салам, мектеп!” Аталышындагы рейд өтүп, окуучуларга жол эрежелери түшүндүрүлүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.