Ошто мектептерди санариптештирүү башталды

Ош шаарындагы “Жетиген” мектеби толук кандуу санариптештирилди. Бул тууралуу мектеп жетекчиси Кыялбек Акматов “Ынтымакка” билдирди.

Маалыматка ылайык,  мектепти санариптештирүү үчүн акча каражатын ата энелер өз чөнтөгүнөн беришкен. Жалпы 270 000 сом акча сарпталган.

“Мугалимдер бааны электрондук системада коюшат. Коюлган бааны ата-энелер да көрө алат.Бул окуучунун да,мугалимдин да сабака болгон жөндөмүн жогорулатууда. Айрыкча окуучулар арасында уруш-талаштарды болдурбоого шарт түзүүдө.”-деди Акматов.

Азыркы тапта, мектепте жалпы 45 камера иштеп жатат. Ар бир мугалимдин жана окуучунун кыймыл аракети көзөмөлдөнүп турат. Жадакалса, окуучулардын сабака келбеген күндөрү автоматтык түрдө базага түшөт. Мындан сырткары, ата-энелер баласынын мектепке келген саатынан тартып, кеткенине чейинки маалыматты алып турат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген