Ошто мектеп окуучуларынын ата -энелеринен пара талап кылган эки мугалим кармалды

Ошто акча талап кылган мугалимдер кармалды. Бул тууралуу ОшИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ошто эки мугалим пара талап кылган деп шектелип, милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, мугалимдер 1 -класстын окуучуларын мектепке кабыл алуу үчүн акча талап кылышкан. Ошол эле учурда кармалгандардын бири университетте иштегени тууралуу маалым болду.

Ички иштер башкармалыгы жакынкы арада иштин бардык чоо -жайын билдирерин баса белгиледи.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.