Ошто медицина кызматкерлери сыйланды

Медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Ош шаарында майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Майрамдык иш-чарага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, Ош шаарынын саламаттыкты сактоо боюнча координатору Кыялбек Ташполотов, шаардык оорукананын жана анын филиалдарынын жетекчилиги жана кызматкерлери, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун кызматкерлери катышты.

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Т.Сарыбашов медицина кызматкерлеринин шаардагы саламаттыкты сактоону өнүктүрүүгө кошкон салымын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дарыгерлер менен медайымдарды колдоо боюнча иш-аракеттерин белгиледи.

Шаар мэри кызыл зоналардагы медициналык кызматкерлер коронавирус жана пневмония менен ооруган жарандарды куткаруу боюнча жүргүзгөн тыкыр иштерине токтолду.

«Пандемиянын бардык мезгилинде биз дарыгерлерибиздин алдынкы катардагы жоокерлер сыяктуу коронавирустук инфекцияга жана анын кесепеттерине каршы күрөшүп, оорубашын кааладык. Ош шаардык мэриясы ар дайым дарыгерлерди колдоого жана аларга тиешелүү шарттарды түзүп берүүгө аракет кылып келет. Азыркы учурда биз эки максатка – медициналык кызматкерлерге эмгек шарттарын камсыз кылуу жана саламаттыкты сактоонун жаш адистерин окутууга артыкчылык беребиз. Шаардык мэрия Орусиядагы жана Түркиядагы жаш дарыгерлердин квалификациясын жогорулатууга жана тажрыйба алмашууга көмөктөшүүгө даяр », – деп белгиледи мэр.

Иш-чара коронавирустан каза болгон медицина кызматкерлерин бир мүнөт үнсүз эскерүү менен башталды. Иш-чаранын жүрүшүндө шаардык мэриянын, шаардык кеңештин алдыңкы медицина кызматкерлери ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Мындан тышкары, шаардык саламаттыкты сактоо кызматынан өзгөчөлөнгөн медицина кызматкерлерине “Саламаттыкты сактоо тутумунун отличниги” деген наамдар ыйгарылды.

Саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн бир катар медицина кызматкерлерине Жогорку Кеңешинин ардак грамоталары берилди.

Белгилей кетсек, Ош шаарында 6 миңге жакын медицина кызматкери бар, алардын ичинен 120 адис кызыл зонада күнү-түнү иштешет. Медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисинде белгиленет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.