Ошто медицина кызматкерлери арасында спорттук мелдеш өттү

15-июнь күнү Ош шаарында  медицина тармагында эмгектенген кызматкерлер арасында спартакиада болуп өттү . 

Аталган иш-чарага 20 команда ат салышып, жалпысынан 2000ге жакын кызматкерлер катышты. Анда спорттун  волейбол, кичи футбол, шахмат жана стол үчтүндөгү тенис боюнча күч сынышты. Иш- чаранын башында сөз сүйлөгөн Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош шаарындагы  координатору Абдилатип Шамшиев :

 “Медицина кызматкерлери дайыма спорт менен алектенгендердин башында болуп келет. Баарыңыздарга мелдеште ийгилик каалайм. Учурдан пайдаланып мындай саамалыкты уюштууда колдоо көрсөткөн  Ош шаардык мериясына ыраазычылыгымды билдирем”- деди ал .

Аталган иш-чаранын максаты – коомду сергек жашоого үндөө менен медицина тармагында эмгектенген кызматкерлер, ишканалар арасында байланышты  чындоо болуп саналат.

Мелдештин аягында жеңүүчүлөргө  атайын сыйлыктар, диплом, кубок жана акчалай сыйлыктар берилет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген