Ошто мечиттер менен коомдук транспорттор дезинфекцияланып жатат

Ош шаарынын аймагында коронавирустун таралышын алдын алуу максатында Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери Ош шаарындагы 78 мечитте, 3 медресе, 14 намазканада, 4 диний окуу борборунда, 6 диний коомдук уюмдарда санитардык-гигиеналык абалды көзөмөлдөө менен дезинфекциялоо иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

“КРССМи тарабынан коронавирус илдетинин алдын алуу боюнча даярдалган плакаттар мечиттерге таркатылып берилди. Ал эми, “Сулайман-Тоо” борбордук мечитинде шаардык казыят тарабынан коронавирус илдетинин алдын алуу боюнча масштабдуу жыйын өткөрүлүп, имамдарга тиешелүү тапшырмалар берилди”, – деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, атайын адистер тарабынан шаардагы коомдук транспортторду, автобус жана троллейбустарды дезинфекциялоо иштери жүрүп, ар бир коомдук транспортко коронавирус илдетинин алдын алуу боюнча даярдалган лозунгдар илинди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген