Ошто Матраимовдор өткөргөн иш-чарага келген саясатчылар сындалды. Видео

Кара-Суу районунда бир тууган Матраимовдор тарабынан демилгеленип, өткөрүлгөн спорттук иш-чарага бир канча бийлик өкүлдөрү конок катары келип, сый көрүп кетишкен. Мындан соң  коомчулукта түрдүү пикирлер жаралып, коноктоп келгендер катуу сындалды.

 Жанардык активист Төлөгөн Келдибаевдин баамында бийлик өкүлдөрүнүн жоон тобунун келиши саясий этикага туура келбейт. Анткени Раим Матраимовдун айланасында сөздөр жүрүп, иликтөө болуп  жаткан учурда бийлик адамдарынын ал уюштурган саамалыка келиши элдин нааразычылыгын күчөтөт.

Бир тууган Матраимовдордун атасынын элесине арналып уюштурулган спортук мелдешке  вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, депутаттар Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов, Жанарбек Акаев, Мирлан Бакиров, Руслан Казакбаев, Канатбек Исаев, Алмазбек Баатырбеков, Абдывахап Нурбаев, Улан Примовдор келген.

Ал эле эмес, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов, өкмөттүн Ош жана Жалал-Абад облустарындагы өкүлдөрү Узарбек Жылкыбаев менен Кыянбек Сатыбалдиевдер да катышкан.

Иш-чарада тартылган сүрөттөр социалдык тармактарга чыгар замат ага катышкан саясатчылар катуу сындалып, элдин нааразычылыгын жаратты.

 

Эске салсак, иш-чара 1-май күнү Кара-Суу районунун Жоош айылында өткөрүлгөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген