Ошто Манас күнү белгиленди. Видео

Бүгүн, Ошто республикалык деңгээлде Манас күнү белгиленүүдө. Иш чарага Ош шаарындагы 60 мектептин окуучулары катышты. Максаты  кыргыз элинин улуттук баалуулугу болгон Манасты даңазалоо болуп саналат.  

Саамалыктын жүрүшүндө  Манас эпосунан  сахналык көрүнүштөр, монологтор айтылды. Окуучулар жаш экенине карабай Манас эпосуна сүңгүп кирип, андагы ар бир ойду көрарманга жеткире аткарышты.

Эске салсак, 4-декабрь өкмөттүн токтому менен Манас күнү деп жарыяланган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген