Ошто мамлекеттик туу күнү белгиленди. Фото

Бүгүн, 3-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында КРнын мамлекеттик Туусунун 28 жылдыгына арналган“Желбирей бер эркиндиктин желеги” аттуу майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, легендарлуу парламенттин депутаттары, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаардыктар жана жаштар катышты.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жалпы Кыргызстандыктарды куттуктап, бул күн өзгөчө майрам экендигин баса белгиледи.

“Мамлекеттик туунун күнүн белгилеп жатып, жалпыңыздарды патриоттуулукка , ар намыстуулукка үндөп кетем. Ар дайым Кыргызстандын желеги эркиндик үчүн, тынчтык үчүн желбирей берсин”,- деди Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев.

Иш-чаранын жүрүшүндө, жоокерлер КРнын мамлекеттик Туусун борбордук аянтка алып чыгып, өлкөнүн эркиндигин даңазалашты.

Белгилей кетсек, мамлекеттик тууну легендарлуу парламент эки ай талкуулап 1992-жылдын 3-марттында кабыл алган. Быйыл Кыргыз Республикасынын туусуна 28 жыл толду.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген