Ошто Мамлекеттик тил күнүнө карата мугалимдерге сыйлыктар тапшырылды

Ош шаарында Мамлекеттик тил күнү белгиленип, мугалимдерге ноутбук, сыналгы жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Кечээ, 23 -сентябрда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш -чара болуп өттү. Ага Ош шаарынын вице -мэри Венера Рыскулова, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, мекеме -ишканалардын кызматкерлери, билим берүү тармагынын өкүлдөрү жана студенттер катышты.

Иш -чаранын жүрүшүндө мугалимдер мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн, ак ниет эмгеги жана Ош шаарынын коомдук саясий турмушуна активдүү катышкандыгы үчүн мэриянын Ардак грамотасы жана баалуу белектери менен сыйланышты.

Кошумчалай кетсек, “Манас таануу” интеллектуалдык таймашынын республикалык турунда 3 -орунду алган мугалимдерге ноутбук, телевизор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.