Ошто мамлекеттик долборлоо институтунун кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Ош шаарынын милициясы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун Оштогу филиалынын кызматкери мыйзамсыз 10 000 сом алып жатканда кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын тургуну мамлекеттик органдардын биринин кызматкери пара талап кылып жаткандыгы жөнүндө арыз менен кайрылган. Арызында Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун кызматкери өндүрүш объектисинин документтерин бүтүрүш үчүн 10 000 сом сурап жаткандыгын билдирген.

Арыз Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 238-беренеси (Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алышы) катталып, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлө башталган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген