Ошто малдарды идентификациялоо башталды

Ош шаарында малдарды идентификациялоо өнөктүгү башталды. Учурда каттоо Жапалак айыл аймагында жүрүп жатат. Кызмат акысы болсо ар бир бодо малдын башына 120 сом деп белгиленген. Анын 50 сому вакцинацияга бөлүнсө,70 сому идентификацияга кетет.

Идентификациялоо жараянынын жүрүшүндө алгач ар бир бодо малга биркалар тагылууда. Анын негизинде ээсинин аты-жөнү менен кошо мал-жандыктардын номерлери компьютерлерге катталат. Бул болсо уурулуктун алдын алып, жандыктардын так санын билүүнү жеңилдетет.

Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу Каныбек Бегиевдин айтымында, шаар боюнча жалпы 12 миң мал-жандык катталган. Анын 8 миңи эт, сүт багытында болгондуктан ушул жылы идентификацияланышы керек.

Белгилей кетсек, малды идентификациялоо боюнча мыйзам 2013-жылы кабыл алынган. Ал эми Кыргызстан ЕАЭБке мүчө болгондон тартып, экспорттоло турган мал жана эт-сүт азыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жараян жандана  баштады.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz