Ошто мал-жандыктар түрдүү ылаңдарга каршы эмделүүдө

Жыл сайын короодогу мал-жандыктар түрдүү ылаңдарга каршы эмделип келет. Быйыл да ири мүйүздүү мал, майда жандыктар жана үй канаттуулары сибирь жарасына, оспа, шарп, кара сан, бруцеллез ооруларына каршы эмделип жатат. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош облусундагы бөлүмүнүн башчысы Орозбек Ибраимов билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери Ош облусунда 374 миң 659 ири мүйүздүү мал, 98 миң 909 баш жылкы, 1 млн 154 миң 534 майда жандык, 966 миң 909 баш үй канаттуулары эмделди. Ири мүйүздүүлөр сибирь жарасы, шарп, кара сан, бруцеллезго каршы, ал эми койлор сибирь жарасы, оспа, чума, бруцеллезго каршы эмделди.

Эмдөө иштери Өзгөн районунда да кызуу жүрүп жатат. Райондук мамлекеттик администрациядан билдиришкендей, эпизоотикалык абалды көзөмөлгө алуу максатында жазгы профилактикалык алдын алуу иштери жүрүүдө. Өзгөн райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгы тарабынан жер-жерлердеги ветеринарлар менен малды жайыттарга айдап кетүүнүн алдында жугуштуу ылаңдардын бардык түрлөрүнө каршы вакцинация жүргүзүлүүдө.

Ушул жылдын биринчи кварталында сибирь жарасына каршы 40 миң баш кара мал, 7 миң жылкы, 70 миң 458 баш кой-эчки эмдөөдөн өттү. Шарп ылаңына каршы 35 миң 89 баш кара мал эмделди. Оспа ылаңына каршы 52 миң 807 баш кой-эчки эмделди.

Дыйкандарга жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө тийиштүү көмөктөр көрсөтүлөт

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген