Ошто мал базарлары жабылды

Ош облусунун аймагында жайгашкан мал базарлардын баары ишмердүүлүгүн убактылуу токтотту. Бул тууралуу Ош ОИИБнин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган чаралар коронавируска каршы күрөшүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө.

“Учурда адамдар көп топтолгон жерлерде дизинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондуктан бүгүнкү күндөн баштап мал базарга келүүчү жарандар убактылуу келбей туруусу зарыл. Бул талаптарды ишке ашыруу максатында ар бир райондун аймагына атайын посттор коюлат. Убактылуу ыңгайсыздык жараткандыгыбыз үчүн кечирим сурайбыз”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Ош шаарындагы борбордук базар жабылуусу мүмкүн экендиги айтылган.

Чоң-Алайда үй карантинине алынган 2 жаран ооруканага жаткырылды

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген