Ошто маанилүү даталарга карата маданий иш-чара уюштурулууда

Эртең, 30-августта Ош шаарындагы “Семетей” кинотеатрында саат 16:00дө белгилүү кинорежиссёр Болотбек Шамшиевдин “Кыргыз керемети” аттуу фотокөргөзмөсү жана киноактриса Айтурган Темированын чыгармачыл кечеси болуп өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар тарабынан белгилүү болду.

Белгиленгендей, аталган иш-чара, 2021-жылы Кыргызстанда белгилене турган төрт маанилүү датага карата уюштурулууда:

• Кыргыз улуттук киносунун 80 жылдыгы; • «Кыргыз киносу кереметинин» авторлорунун бири, дүйнөгө белгилүү кинорежиссер Болотбек Шамшиевдин 80 жылдыгы;
• Кыргызстандын белгилүү киножылдыздарынын бири Айтурган Темированын чыгармачыл ишмердигинин 50 жылдыгы;
• “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” фильминин 50 жылдыгы.

Каалоочулардын бардыгы кечеге акысыз катыша алышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.