Ошто кылмыштуу топтун мүчөсү “Казак” бир айга камалды

Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, “Казак” деген каймана аты бар М.у.М аттуу жаран 17-февралга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Ош шаардык сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, шектүү Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаевдин аталаш иниси Улан Раимбековду сабаган окуяга тиешеси бар деген шек менен 17-январда Ош шаардык милициясы тарабынан кармалган.

Милициянын маалыматына караганда, Раимбеков 11-январда Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи районунда сабалган. Ал жаагы сынып, эриндери жырылып, оор абалда облустук ооруканага түшкөн. Ошондой эле акчасын жана травматикалык тапанчасын тонотуп жиберген. Бул факт боюнча «Карактоо» беренеси менен иш козголуп, 16-январда Өзгөн жана Алай районунун эки тургуну да кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кармалган жаран буга чейин бир канча ирет «Уурулук» жана «Каракчылык» беренелери менен соттолуп чыккан. 2019-жылдын октябрь айында 16 жаштагы кызды зордуктоо боюнча шектүү катары кармалган.

Ушул жылдын 8-январында Ош шаардык соту аны үй камагына чыгарган. Үй камагына чыгарып жиберген Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулайманова 17-январда мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген