Ошто Курман айт намазы Сулайман-Тоо мечитинде окулду

Ош шаарындагы борбордук Сулайман-Тоо мечитинде 6 миңге жакын адам Курман айт намазын окушту. Бул тууралуу шаардык мэриянын башкы сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Курман айт намазына Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков катышты.

Шаар мэри кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттуктап, калкка жакшылыктарды каалады.

Белгилей кетсек, Ошто жалпы 41 мечитте Курман айт намазы окулду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.