Ошто курактын 100 түрү коюлган көргөзмө өттү

Ош шаарында ууз чебер Кимия Төрөгелдиеванын курак көргөзмөсү өттү. Анда чебердин 20 жылдык эмгектери коюлган.

Көргөзмөдө кылдат кол өнөрчүлүктөн жасалган 100 уникалдуу туш кийиз, кооз паннолор, картиналар, кийим кечелер шаар тургундарынын кызыгуусун жаратты.

Чебер айым мындай көргөзмөлөрдү уюштуруу менен кыргыздын кол өнөрчүлүгүн курак менен жасалган буюмдарды даңазалагысы келген.

Учурда 100 дөн ашуун  жаштарга курак куроонун сырларын үйрөтүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген