Ошто кулпунай бышты

Кара-Суулук дыйкан  Халхожа Атаханов  эки айдан бери бышкан кулпунайларын терип сатып жатат.  Алгач түшүмдү 700  граммдан алып жатса, учурда 5- 6 килограммга  чейин жетүүдө. Кардарлары  кошуна туугандары, андан артканын  дүкөн базарларга өткөрүп жатат.

Күнөсканада кулпунай өстүрүүнүн сырын дыйкан Кореядан үйрөнгөн.  Керектүү жабдык,  көчөттү да ошол жактан алып келген.  Алгач даанасын 15 сомдон алып келип сыртта өстүрүп көбөйткөн. Эки жылдан соң тажрыйба иретинде быйыл кышында эгип көрдү.

Күнөскананы иштеткенибизге 3 жыл  болду. Буга чейин помидор, бадырың эгип жүргөнбүз. Кулпунайды өзүбүздүн сорттон сыртка экчүбүз. Азыркы күнөсканадагысы  бул атайын сорт.  Сыртта болбойт кышта бышат.  Даамы  жакшы, сакталуу мөөнөтү түсү да жакшы“-дейт дыйкан.

Кулпунайлар бирдей температурада өсүүсү үчүн күнү-түнү от жагылат. Мындан сырткары аптасына бир  таза аба киргизип туруу керек.  Абанын таза болушу да мөмөнүн сапатына таасирин тийгизет.  Кулпунайдын гүлүн чаңдатуу үчүн күнөскананын ичине атайын аарылар коюлган.

Биз эми буга эч кандай химикат бербейбиз. Курттар да түшпөйт. Жерди айдаштан мурун малдын кыгын сепкенбиз ошол менен эле бышып жатат“-деп кошумчалайт.

Кулпунай суу менен жылуулукту талап кылат. Бул үчүн  топурак астына эки суу түтүкчөсүндө жылуу суу айланып турат. Андан сырткары суугаруу тамчылатуу жолу менен берилет.Тажрыйба иретинде эгип көргөн эки сотых жерден дыйкан майга чейин түшүм алууну көздөп жатат.  Киреше чыгашасын актаса, кийинки жылы жердин аянтын кеңейтүүнү пландоодо.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.