Ошто криминалдык милиция тарабынан мыйзамсыз сакталган автоматтык курал алынды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз сакталган «АКСУ» үлгүсүндөгү автоматтык курал алынды. Бул тууралуу ОшИИБнын маалымат кызматынан билдиришти.

Анда маалым болгондой, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына ушул айдын башында «Жора» аттуу жарандын «Калашников» үлгүсүндөгү автоматы сатып өткөрүү үчүн кардар издеп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Маалыматтарга ылайык, автомат « Жора» тарабынан 20 миӊ сомго бааланган. Натыйжада, Ош ШИИБнын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тез арада ал адамды таап, ок атуучу куралды башка кылмыштуу элементтерге жеткирбестен алууну көздөшүп, ал жаранга өздөрүн сатып алуучу адам катары тааныштырышып, байланышка чыгышат.

“Курал саткан адам бир нече күн жооп бербей, сактанып, «кардарларды» текшерип жатып, акыры макулдугун берген. Натыйжада, 2021-жылдын 18-сентябрь күнү, автоматтын 2 магазини, 21 огу менен «АКСУ-74У» үлгүсүндөгү автоматтык ок атуучу куралды сатып жаткан учурда милиция кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын 1956-жылы туулган тургуну Ж.Ж кармалды”, деп жазылат маалыматта.

Учурда кармалган шектүү ОшИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча (КР жазык кодексинин 253-беренеси) сотко чейинки өндүрүш иши баштатылды.

Атайын экспертизанын жүрүшүндө алынган курал ок атууга жарактуу экендиги аныкталды. Учурда курал жарак кайдан алынгандыгы, мыйзамдуу кимге таандык экендиги аныкталып жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.