Ошто крим төбөл Женгонун жан сакчысы кармалды

Ош шаарында крим төбөл Женгонун жансакчысы жана айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын айтымында, 23-июлда Ош шаарында бейбаштыкка шектелген 1995-жылы туулган. М.А. кармалды.

Белгиленгендей, М.А. мурда соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган, Женго (Кадыр Досонов) лакап аттуу крим төбөлдүн айдоочу-жансакчысы.

Бөлүмдө көрсөтүлгөндөй, 2021-жылдын 10-июлунда шектүү алдын ала бүтүм боюнча, бир топ адамдар менен бирге, денеге залал келтирүү менен бузуку аракеттерге катышкан. Ош шаарындагы кафелердин биринин жанында, алар бычак менен коркутуп, Куршаб айылынын тургунун ур-токмокко алышкан, андан кийин 1600 АКШ доллары жана 48 миң сом өлчөмүндөгү акча салынган капчыкты алып кетишкен.

Бул факт кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси “Бейбаштык” менен катталган.

Мындан тышкары, Ош облусунун тургуну 26 жаштагы Р.А. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.