Ошто коронавирустун экинчи толкунун алдын алуу чаралары талкууланды

Бүгүн, 14-сентябрда Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Байыш Юсупов аппараттык кеңешме өткөрүп, коронавирус илдетинин экинчи толкунун алдын алуу чараларын талкуулады.

Бул тууралуу “Ынтымакка” өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы кабарлады.

Мындан сырткары күз-кыш мезгилине даярдык жана оруп-жыйноо иштеринин жүрүшү боюнча маселелер каралып, тиешелүү кызматтар менен биргеликте дыкат иш алып баруу тапшырмасы берилди.

Эске салсак, облус аймагында оруп-жыйноо иштери 20-июнда башталган. Бул жылы жалпысынан 179 832,4 гектар жерге эгин эгилген. Бул 2019-жылга карата салыштырмалуу 1 403,2 гектар айдоо аянтына көп.

Аксыда жана Ала-Букада жаңы билим берүү мекемелери ишке киргени турат

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.